Бишкек шаарында жер тилкелерин өз алдынча басып алуунун жана мыйзамсыз курулуш иштеринин алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар улантылууда.
2026-жылдын 10-ноябрында Биринчи май районунун №205 муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу аймакта, анын ичинде «Алтын-Казык» конушунда рейд өткөрүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө бош жаткан жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн эки фактысы, анын ичинде пайдубал куюу учурлары аныкталды.
Ошол эле күнү «Алтын-Казык» конушунун №122 дарегинде тиешелүү кызматтар менен биргеликте өз алдынча курулган эки дубал буздурулду.
13-ноябрда Свердлов районунун №304 муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу «Красный Строитель-2» конушунда рейддик иш-чара өткөрүлдү. Ошондой эле Рассвет айылында айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин чектери текшерилип, жерлерди өз алдынча басып алуунун жана турак жайларды мыйзамсыз куруунун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган аймактардан мыйзам бузуулар аныкталган жок.
Октябрь районунда жерди мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо максатында №232 жана №151 контурларда рейддер өткөрүлдү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталган эмес.
12-ноябрда Ленин районунун №109 муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №546 контурда да ушундай эле иш-чара өткөрүлдү. Адистер жер тилкелерин жана курулуш объектилерин карап чыгып, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин бар-жогун текшеришти. Натыйжада мыйзамсыз курулуш жана өз алдынча объектилерди куруу фактылары аныкталган жок.
Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 «Жер тилкелерин өз алдынча жана мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана аларга жол бербөө чаралары жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Рейддик иш-чаралар менен катар райондук кызматтар кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү активисттер, аксакалдар соттору жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Тургундар менен жолугушууларда, жарандарды кабыл алууда жана комиссиялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жер мыйзамдарынын талаптары, ошондой эле жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуш жүргүзүү үчүн каралган жоопкерчилик тууралуу маалымат берилүүдө.
Биринчи май районундагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын карамагындагы аймактарда рейддик иш-чаралар жума сайын өткөрүлүп келет.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын сактоого, жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жана тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштерин жүргүзүүгө жол бербөөгө чакырат.






