Бүгүн, 20-ноябрда, «Тазалык» муниципалдык ишканасы ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу иштерин баштады.
Учурда борбор калаанын төрт районунда тең муниципалдык ишкананын кызматкерлери жана атайын техникалары тарабынан контейнер аянтчаларынын жанына тургундар алып чыгып койгон эски эмеректерди, керексиз көлөмдүү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, таштандыларды массалык түрдө чыгаруу иштери шаар мэринин тапшырмасынын негизинде уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — борбор калаанын тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Эске салсак, акция эки күн гана — 20 жана 21-ноябрда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин өткөрүлөт.
21-ноябрдан кийин таштандыларды чыгаруу иштери белгиленген графикке ылайык, кадимки тартипте улантылат.
Борбор калаанын тургундарын бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, шаарды таза кармоо жана көрктөндүрүү акциясына активдүү катышууга чакырабыз!




