Бишкек шаарындагы А. Токомбаев жана Д. Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки тараптан тең оңго бурулууга шарт түзүлдү.

Бул чечим жол тилкесинин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, кесилиште пайда болгон унаа тыгындарын азайтууга жана жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Борбор калаанын мэриясы айдоочуларды жолдо этият болууга, жол белгилеринин талаптарын сактоого жана жол кыймылын уюштуруудагы өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.