Бүгүн, 20-ноябрда, Бишкек шаарынын мэриясынын төрагасынын орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда мыйзамсыз шаарлар аралык жана аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуу фактыларын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.

Иш-чарага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Ленин жана Биринчи май райондук администрацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле автобекеттин директору катышты.

Текшерүү Павлов, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде жайгашкан таксилердин башаламан токтотуучу жайларында жүргүзүлдү.

Рейд учурунда айдоочуларга жүргүнчүлөрдү мыйзамдуу ташуунун тартиби түшүндүрүлдү.

Тактап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тиешелүү лицензия алуу, автобекеттин администрациясы менен келишим түзүү, унааны техникалык кароодон өткөрүү жана анын техникалык жактан жарактуу болушун камсыздоо зарыл. Мындан тышкары, унаалар кышкы дөңгөлөктөр менен жабдылып, айдоочулар күн сайын каттамга чыгар алдында медициналык кароодон, анын ичинде алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегенин текшерүүдөн өтүшү керек.

Мэрдин орун басары көрүлүп жаткан чаралар биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого жана жүргүнчүлөрдү ташуу ишин тартипке келтирүүгө багытталганын белгиледи.

Ошондой эле айдоочуларды башаламан токтотуучу жайлардан баш тартып, жүргүнчүлөрдү автобекеттин аймагынан гана түшүрүп-отургузууга чакырды.

Рейддик иш-чаралар дагы беш күн улантылат.