19-ноябрда Бишкек шаарындагы «Газпром» дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаевдин байгесине арналган 2010–2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча V эл аралык турнир өтүүдө.
Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген 400дөн ашуун жаш балбан катышууда.
Турнирдин ачылыш аземин Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов өткөрүп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Ал өз сөзүндө турнирдин маанилүүлүгүн белгилеп, Руслан Түмөнбаев кыргыз күрөшүнүн өнүгүшүнө жаңы дем берген балбандардын бири экенин жана жаш муундар үчүн үлгү болуп саналарын айтты.
Ошондой эле мындай эл аралык мелдештер жаш спортчуларга тажрыйба алмашууга, өз күчүн сынап көрүүгө, спорттук чеберчилигин жогорулатууга жана күрөштүн өнүгүшүнө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Эл аралык турнир жаш балбандарга өз күчүн сынап, спорттук чеберчилигин көрсөтүүгө, тажрыйба топтоого жана өлкөлөр ортосундагы спорттук байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.


