2026-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарынын прокуратурасында Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаарынын прокурору Канат Насипов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын начальниги Улан Бейбосунов, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев жана Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Адис Момуналиев катышты.

Борбор калаанын мэри прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү кызматы жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Прокуратура – мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо боюнча өзгөчө жоопкерчиликти аркалаган мамлекеттик орган.

Бул кесип жогорку жоопкерчиликти, принципиалдуулукту, калыстыкты жана адилеттүүлүктү талап кылат. Анткени мыйзамдын сакталышы – мамлекеттин туруктуулугунун негизи, ал эми адилеттүүлүк – элдин ишениминин кепилдиги», – деп баса белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында кызматтык милдеттерин так аткаруу менен айырмаланган прокуратура кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын атынан ыраазычылык каттар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер – кол сааттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнө 102 жыл толду.