Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы көркөм чыгармачылык жана колдонмо искусство боюнча  «Күн бардыгына бирдей тийет» аттуу XXVI сынак-фестивалынын II шаардык турун өткөрдү.

Иш-чара Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнүнө карата уюштурулду.

2026-жылдын 9–14-ноябрь күндөрү өткөн сынак-фестивалга 500дөн ашуун катышуучу катышып, шаардагы 23 уюмдан арыз келип түшкөн.

Фестивалдын негизги максаты — майыптыгы бар адамдардын чыгармачылык дараметин колдоо жана өнүктүрүү, өзүн-өзү көрсөтүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, алардын талантын жана жөндөмүн ачуу, ошондой эле искусство жана чыгармачылык аркылуу коомго аралашуусуна көмөктөшүү.

Фестивалдын программасы эки негизги багытты камтыды: көркөм чыгармачылык жана колдонмо искусство.

Көркөм чыгармачылык сынагында катышуучулар жети номинация боюнча өнөрлөрүн тартуулашты. Алар: вокал, хордук аткаруу, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда   аткаруу, мода көрсөтүү, пантомима жана драмалык жанр, ошондой эле жеке жана топтук бий.

Ал эми колдонмо искусство багытында кийизден жасалган буюмдар, жыгач иштетүү, кагаз менен иштөө, токуу, макраме, шурудан буюм жасоо, тигүү жана башка декоративдик-колдонмо чыгармачылыктын үлгүлөрү сунушталды.

Мындан тышкары, катышуучулар акварель жана карандаш менен тартылган сүрөттөрүн, графикалык иштерин, аппликацияларын, кагаз пластикасын, фотосүрөттөрүн жана башка чыгармачылык эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу 2026-жылдын декабрь айынын башына пландалууда.

«Күн бардыгына бирдей тийет» фестивалы — жөн гана чыгармачылык сынак эмес, таланттарды ачууга, демилгелерди колдоого жана теңдик, өз ара урматтоо, инклюзия принциптерин бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча.

Фестиваль искусствонун чек арасы жок экенин, талантка, чыгармачылыкка умтулууга жана өз үнүн жеткирүүгө болгон укук ар бир адамга таандык экенин дагы бир жолу далилдейт.