2026-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарындагы №181 «Баластан» бала  бакчасынын базасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн «Мектепке чейинки билим берүү уюмунда педагогдун кесиптик ишмердүүлүгү» аттуу семинар-практикум өткөрүлдү.

Иш-чарага борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 108 педагог кызматкери катышты.

Семинардын негизги максаты — билим берүү системасындагы заманбап өзгөрүүлөрдүн шартында тарбиячылардын кесиптик компетенттүүлүгүн жана педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу, инклюзивдик ыкмаларды өздөштүрүү, кесиптик-этикалык нормаларды сактоо, ошондой эле улуттук баалуулуктарды билим берүү жана тарбиялоо процессине киргизүү.

Семинардын алкагында заманбап тарбиячынын кесиптик ишмердүүлүгүнүн үч негизги багыты каралды.

Ошондой эле педагогдордун өз ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү жана өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо жана окутуунун натыйжалуу ыкмаларын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай семинар-практикумдарды өткөрүү мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, педагогдордун кесиптик дараметин өнүктүрүүгө, педагогикалык чеберчилигин арттырууга жана улуттук баалуулуктарды эске алуу менен жаш муундарды тарбиялоодо заманбап ыкмаларды жайылтууга өбөлгө түзөт.