Тыбашалиев көчөсүндөгү № 40 турак үйдүн түндүк тарабында диаметри 250 мм болгон жылуулук түтүгүндө авариялык бузулуу аныкталды.
Аталган жылуулук тармагы 1985-жылы пайдаланууга берилген. Жылуулук тармактарынын нормативдик пайдалануу мөөнөтү 25 жылды түзөт.
Учурда окуя болгон жерде «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын адистери иш алып барууда. Оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бузулган жылуулук түтүгү аркылуу жылуулук берүү убактылуу токтотулду.
Авариялык бригада бузулууну мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Оңдоо иштерин аяктап, ысык суу жана жылуулук берүүнү болжол менен 4 сааттын ичинде калыбына келтирүү пландалууда.
Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду:
- Турусбеков көчөсү, 41, 43-үйлөр;
- Токтогул көчөсү, 194, 196, 198, 200-үйлөр;
- Тыбашалиев көчөсү, 29, 38, 40-үйлөр;
- Чыңгыз Айтматов проспекти, 28 (Курулуш министрлиги);
- Чыңгыз Айтматов проспектиси, 22, 24, 26-үйлөр;
- Сагынбай Манасчы көчөсү, 191 (№ 58 бала бакча);
- № 4 лицей;
- Түрк лицейи.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.



