2026-жылдын 21-ноябрында борбор калаада күзгү бак отургузуу жана ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, райондук администрациялардын башчылары жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.
Жалпысынан Бишкек шаарынын аймагына 372 түп дарактын көчөтү отургузулду.
Тактап айтканда, Юнусалиев көчөсүнүн Горький көчөсүнөн А. Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 30 түп терек, Шабдан Баатыр көчөсүнүн Т. Фрунзе көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 100 түп чынар отургузулду.
Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен А. Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 70 түп эмен жана карагач, Жибек Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 45 түп клен тигилди.
Ошондой эле Гоголь көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 45 түп катальпа жана ясень дарагынын көчөттөрү отургузулду.
Мындан тышкары, №58 мектептин короосуна 70 түп клен жана 12 түп сакура көчөтү тигилди.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калааны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин улантууда.









