«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2026-жылдын 20-ноябрында 1479 тонна таштанды чыгарышты. Анын ичинен 1281 тоннасы катуу тиричилик калдыктары (КТК), ал эми 198 тоннасы ири көлөмдөгү таштандыларды түздү.
Бүгүн, 21-ноябрда, калган таштандыларды чыгаруу иштери уланууда.
Таштандыларды чыгаруу үчүн кошумча 31 атайын техника тартылды. Алардын ичинен 8 жүктөгүч жана 23 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бар.
Мындан тышкары, шаар боюнча катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу үчүн күнүмдүк тартипте 115тен ашык атайын техника ишке чыкты. Ошентип, коммуналдык кызматтар ири көлөмдөгү жана тиричилик таштандыларын өз убагында чыгарууну улантууда.
Белгилей кетсек, таштандыларды массалык түрдө чыгаруу иштери 20–21-ноябрь күндөрү эки күн бою жүргүзүлдү. 21-ноябрда саат 17:00гө чейин шаар тургундары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган дарак бутактарын сыртка чыгара алышты.
21-ноябрда шаардын аймагынан чыгарылган таштандылардын жалпы көлөмү 22-ноябрда эсептелет. Эсептөө иштери аяктагандан кийин акыркы маалыматтар жарыяланат.
Мындан ары таштандыларды чыгаруу иштери белгиленген графикке ылайык, кадимки тартипте жүргүзүлөт.














