Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту комплексин куруу долбоорун ишке ашырууга киришти. Долбоордо ат чабыш жана ат жарыштарынын башка түрлөрүн өткөрүү үчүн 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром, ошондой эле көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган 25 миң орундуу өзүнчө арена куруу каралган.
2026-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев долбоор менен таанышып, комплекстин курулушу пландалган аймакты жеринен көрүп чыкты.
Комплекстин жалпы аянты 114 гектарды түзөт. Долбоордо заманбап мелдеш жана машыгуу аянтчаларын, көрүүчүлөр үчүн трибуналарды, жылкыларды багуу жана тейлөө үчүн зарыл болгон инфраструктураны, ветеринардык жана административдик имараттарды, ошондой эле эс алуу, соода-сатык, туристтик жана унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.
Курулуш жүргүзүлө турган жер тилкеси Сокулук районундагы Белек айылына жакын жайгашкан.
Кыдыруу учурунда мэр жердин үстүңкү бөлүгүн жашылдандырууга жана сейилдөөчү жайларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында жер алдындагы унаа токтотуучу жай куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.
«Жанаша жайгашкан аймакты комплекстүү түрдө көрктөндүрүп, шаар тургундарынын жайлуу эс алуусуна жана сейилдөөсүнө шарт түзүү зарыл. Ат майданын жана ат спортуна керектүү инфраструктураны гана эмес, анын айланасындагы аймакты да өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу маанилүү», — деп белгиледи мэр.
Ошондой эле ал курулуш иштери менен катар жанаша жайгашкан аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү — канализация, жылытуу тутумдарын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин да чечүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, мэр долбоорду иштеп чыгууда шаар куруу боюнча бардык талаптарды эске алууну, аймакты жетиштүү деңгээлде жарыктандырууну камсыз кылууну жана учурдагы жашыл бак-дарактарды мүмкүн болушунча сактап калууну тапшырды.
Ошондой эле ипподромдогу көрүүчүлөр үчүн орундардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев подряддык уюмга курулуш иштерине тартылган техникалардын санын көбөйтүүнү, иштердин жүрүшүнө жана сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле долбоорду ишке ашырууда мыйзамдардын жана белгиленген талаптардын так сакталышын камсыздоону тапшырды.












