2026-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

Шаар башчысы курулуш жана монтаждоо иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Учурда иштер 50 гектар аянтты ээлеген аймакта жүргүзүлүүдө. Объектте 52 атайын техника жана 293 жумушчу иштеп жатат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында тазалоочу курулмаларды заманбап технологиялык жабдууларды, автоматташтырылган башкаруу системаларын жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү менен модернизациялоо каралган. Ошондой эле жагымсыз жыттарды азайтуу максатында абаны тазалоочу системаны орнотуу жана күн панелдерин коюу пландалууда.

Объектти көрүп чыгуу учурунда калдыктарды комплекстүү иштетүүнүн жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.

«Долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында биз ар кандай варианттарды карап чыкканбыз. Бүгүнкү күндө шаар калдыктарды кайра иштетүү тармагында жаңы баскычка чыгууда. Катуу тиричилик калдыктарынан тышкары, саркынды сууларды тазалоо процессинде пайда болгон чөкмөлөрдү кайра иштетүүгө да көңүл буруу пландалууда. Келечекте аларды биогумус алуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралат», — деп белгиледи мэр.

Долбоорду ишке ашыруу саркынды сууларды тазалоонун сапатын жогорулатууга, экологиялык тобокелдиктерди азайтууга жана борбор калаада заманбап экологиялык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.