Гоголь көчөсүн реконструкциялоонун алкагында жол инфраструктурасын жаңылоо жана ага жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштердин комплекси толугу менен аяктады.

Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки узундугу 1,5 чакырымга жакын тилкеде асфальт төшөлүп, жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилди. Ошондой эле жолдун эки тарабына тең унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.

Жол иштерине катар эле аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзамсыз орнотулган кабелдер демонтаждалып, тышкы жарыктандыруу системасы жаңыртылды. Кабелдик тармактар жер астына өткөрүлдү.

Мындан тышкары, жол боюндагы жашыл аймактар көрктөндүрүлүп, 200дөн ашык жаңы көчөт отургузулду.

Ошондой эле Чүй проспектинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде эски суу түтүктөрү жаңыларына алмаштырылды. Чүй проспекти менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалып, аймак иретке келтирилди.

Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук көрсөткөн шаар тургундарына ыраазычылык билдиребиз.