Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев капиталдык оңдоо иштери аяктаган Чүй көчөсүнүн (Ак-Босого конушу) жаңыланган бөлүгүнүн ачылышына катышты.

Жол оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлдү. Жаңыланган жолдун узундугу 1 800 метрди түзөт. Оңдоо иштерин «Су-4 Кара-Балта» ЖЧКсы аткарды.

Ошондой эле шаарды жашылдандыруу иш-чараларынын алкагында Чүй көчөсүнө жакын жайгашкан скверге 38 даана катальпа көчөтү отургузулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана сунуштарын укту. Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Биринчи Май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.