2026-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарындагы №58 жалпы билим берүү мектебинин аймагында күзгү көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты.
Ошондой эле көчөт отургузуу ишине Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, шаардык акимчиликтин өкүлдөрү жана мектептин педагогикалык жамааты катышты.
Бул иш-чара мектептин аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин уландысы болду.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептин аймагында кеңири масштабдагы көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мектептин жалпы аймагы 2,3 гектарды түзөт.
Долбоорго ылайык, кичи футбол жана баскетбол аянтчаларын, воркаут жана балдар ойноочу аянтчаларды куруу, резина төшөлгөн чуркоо жолдорун жасоо, тышкы жарыктандыруу системасын орнотуу, тепкичтерди жана пандустарды куруу, отургучтар менен таштанды челектерин жайгаштыруу, тротуарларды жана жолдорду калыбына келтирүү каралган.
Мындан тышкары, аймактын жер кыртышын кара топурак менен тегиздөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу жана газон чөптөрүн себүү иштери да долбоорго киргизилген.
Күзгү көчөт отургузуу иш-чарасы мектептин аймагын көрктөндүрүү иштеринин кезектеги этабы болуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу, заманбап жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.






