№162 «Баластан» бала  бакчасынын базасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында усулдук семинар өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучулары бала бакчанын ишмердүүлүгү менен таанышып, «Кыргыз тилин окутууга саресеп салуу» темасындагы презентациялык баяндамага күбө болушту. Ошондой эле «Оюулар үйүндө» аттуу ачык сабак көрсөтүлүп, анда балдарга мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн усулдары жана ыкмалары сунушталды.

Семинардын соңунда суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, катышуучулар өз пикирлери менен бөлүшүп, сунушталган материалдарды талкуулашты жана практикалык тажрыйбаларын ортого салышты.

Мындай усулдук семинарларды өткөрүү педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жакшыртууга жана Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына натыйжалуу окутуу ыкмаларын киргизүүгө өбөлгө түзөт.