Бишкек шаарындагы «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо - дене тарбия комплексинде көркөм гимнастика боюнча шаар биринчилиги өткөрүлдү.

Мелдешке 2015–2017-жылдары туулган 130га жакын жаш гимнаст кыз катышты.

Спортчулар жекече программа боюнча күч сынашып,  көнүгүүлөрдүн айрым түрлөрү боюнча финалдык баскычтарда өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

2015-жылы туулган спортчулар арасында:

- 1-орун — Салимбекова Линара (Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы);
- 2-орун — Туратова Анель (Олимп ОРАБӨСМ);
- 3-орун — Шкурко Ада (Олимп ОРАБӨСМ).

2016-жылы туулган спортчулар арасында:

- 1-орун — Бакаева Сайа-Бегим (Олимп ОРАБӨСМ);
- 2-орун — Байишбекова Адия (Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы).
- 3-орун - Тариэльева Альфия –  (Олимп ОРАБӨСМ).

2017-жылы туулган спортчулар арасында:

- 1-орун — Рыскулбекова Айым (Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы);
- 2-орун — Лигай Арина (Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы);
- 3-орун — Азизбекова Аиша («Кулук» ОРАБӨСМ).

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Бишкек шаарынын көркөм гимнастика федерациясы жана Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы уюштурду.

Мелдештин башкы калысы болуп эл аралык категориядагы калыс Ратинова Элина Марковна дайындалды.