Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 15 жана 16-пункттарына ылайык, жер мунапыс объекттерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жарыяланат.
Тизмеге башаламан курулуш жүргөн аймактарда жайгашкан, 2021-жылдын 1-декабрына чейин жана/же андан кийин жеке турак үйлөр (анын ичинде бүтпөй калган курулуш объекттери) курулган жер тилкелери, ошондой эле эч кандай курулуштары жок жер тилкелери киргизилген.