Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысынын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 15 жана 16-пункттарына ылайык, жер мунапысына кирген объекттерди пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жарыяланат.
Тизмеге башаламан курулуш жайгашкан аймактардагы 2021-жылдын 1-декабрына чейин жана андан кийин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объекттер) салынган жер тилкелери, ошондой эле эч кандай курулушу жок жер тилкелери киргизилген.