Октябрь районунун жашоочусу, 16 жаштагы Догдурбеков Расул Нурбекович 15-Дүйнөлүк SKIF чемпионатында Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, командалык ката боюнча 3-орунду ээледи.
Расул 2010-жылдын 7-майында Бишкек шаарында төрөлгөн. Учурда Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73 орто мектептин 10-классында окуйт.
Ал каратэ менен 10 жашынан тартып машыгып келет. Талыкпаган эмгегинин, тынымсыз машыгуусунун жана максатка умтулуусунун аркасында спортто бир топ ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күндө Расул кара курдун 1-даражасынын ээси.
Жаш спортчунун ийгиликтерге жетишине анын машыктыруучусу Пазылов Асылбек Жолдошевич чоң салым кошкон.
2026-жылдагы спорттук жетишкендиктери:
Жыл ичинде Расул республикалык жана эл аралык мелдештерге катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:
- Бишкек шаарынын чемпионаты — ката боюнча 1-орун, командалык ката боюнча 2-орун;
- Bishkek Cup эл аралык турнири — ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 2-орун;
- Нарын шаарынын чемпионаты — ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 2-орун;
- Кыргыз Республикасынын чемпионаты — ката боюнча 1-орун;
- «Кыргызстандын бермети» турнири — ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 3-орун;
- International Martial Arts Games — ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 3-орун;
- 15-Дүйнөлүк SKIF чемпионаты — командалык ката боюнча 3-орун.
Бул жетишкендиктер — жаш спортчунун талыкпаган эмгегинин, тартиптүүлүгүнүн, өжөрлүгүнүн, ошондой эле машыктыруучусунун кесипкөйлүгүнүн жана үзүрлүү эмгегинин натыйжасы.
Бишкек шаарынын мэриясы Расулду жетишкен ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, алдыдагы мелдештерде дагы көптөгөн жеңиштерди, жаңы бийиктиктерди жана спорттук ийгиликтерди каалайт!



