Октябрь районунун башчысы Жолдошбек Чуштуковдун төрагалыгы алдында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо маселелерине арналган жумушчу кеңешме болуп өттү.
Иш-чарага райондук кызматтардын, укук коргоо органдарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы боюнча маселелер каралып, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жана жетишилген натыйжалар тууралуу маалыматтар угулду.
Жыйындын жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, райондук прокуратуранын, пробация бөлүмүнүн, билим берүү башкармалыгынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери жана саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү баяндама жасашты.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү, аныкталган фактыларга өз убагында чара көрүү, ведомстволор аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жабыр тарткан жарандарды коргоо боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жарандардын укуктарын коргоо жана ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылуу райондук бардык тиешелүү кызматтардын биргелешкен ишиндеги маанилүү багыттардын бири бойдон калууда.





