Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Бир кабаттуу имаратты «Кыргыз Даймонд» жоопкерчилиги чектелген коому курган. Имаратта кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү, от казан жана санитардык түйүндөр каралган.
Объект менен таанышуу учурунда мэр жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана муниципалдык объектилерди курууда натыйжалуу ыкмаларды колдонуу зарылдыгын белгиледи.
«Имараттарды долбоорлоодо шаардын өнүгүү муктаждыктарын жана жер тилкелерин сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын эске алуу менен, көп кабаттуу кылып куруу каралышы керек», — деди шаар башчысы.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Капиталдык курулуш башкармалыгына имараттын учурдагы конструкцияларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аны эки же үч кабатка чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү тапшырды. Ошондой эле кошумча аянттарда китепкана же балдардын чыгармачылык борборун жайгаштыруу маселесин кароону тапшырды.
Мындан тышкары, Биринчи Май районунун администрация башчысына имараттын айланасын көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайды уюштуруу, ошондой эле учурдагы балдар аянтчасынын жанына воркаут-зонасын түзүү тапшырылды.








