Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ынтымак конушунда, Стадион жана Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен таанышты.
Долбоорго ылайык, спорт комплекси эки курулуш блогунан турат. Анда күрөш залы, эки конференц-зал, душ бөлмөлөрү менен жабдылган санитардык-тиричилик жайлары каралган.
Ошондой эле комплекстин аймагында чуркоо жолу бар футбол талаасын, воркаут аянтчасын, балдар аянтчасын куруу жана аймакты көрктөндүрүү пландалууда.
Долбоор менен таанышуу учурунда мэр комплекстин көп функционалдуу болушу жана ар кандай курактагы тургундар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.
«Бул жерде спорттун бир гана түрү эмес, ар кандай багыттары менен машыгууга шарт түзүлүшү маанилүү. Комплекс спорт менен машыгуу жана активдүү эс алуу үчүн универсалдуу жайга айланышы керек», — деди Айбек Джунушалиев.
Шаар башчысы долбоорго спорттун кошумча түрлөрүн, анын ичинде баскетбол, волейбол, шахмат жана улуттук оюндарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар жолдордун абалы жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерин да көтөрүштү. Ленин районунун акимине тургундардын кайрылууларын карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулуш иштеринин сапатын талаптагыдай камсыз кылууну, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону жана долбоорду ишке ашырууда кечигүүлөргө жол бербөөнү тапшырды.





