Бишкек шаарынын мэриясы Vesti.kg маалымат агенттигинин Telegram-каналында жарыяланган, бак-дарактарды бутоо иштерин чагылдырган жана борбор калаадагы жашыл бак-дарактарды кароо ыкмалары тууралуу комментарийлер менен коштолгон видеоматериал Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтарынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин маалымдайт.
Бак-дарактарды бутоо иштерин чагылдырган видео алгач Threads социалдык тармагындагы @sashavaleryevna колдонуучусунун баракчасына жарыяланган. https://www.threads.com/share/BAG8DpkFmx Автордун профилиндеги маалыматка ылайык, ал Беларусь Республикасында жашайт. Ушуга байланыштуу видеотасма Беларусь Республикасынын аймагында тартылган жана Бишкек шаарында жүргүзүлүп жаткан иштерге тиешеси жок.
Кийинчерээк Vesti.kg маалымат агенттиги аталган видеоматериалды өзүнүн Telegram-каналына жарыялап, аны Бишкек шаарындагы бак-дарактарды бутоо тажрыйбасы тууралуу комментарий менен коштогон. Натыйжада видео борбор калаанын муниципалдык кызматтарынын ишмердүүлүгүнө тиешелүүдөй көрсөтүлүп, бул коомчулукта видеонун келип чыгышы жана шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу туура эмес түшүнүк жаратат.
Бишкек шаарынын мэриясы аталган видеоматериалдын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок экенин жана анда борбор калаада жашыл бак-дарактарды кароодо колдонулган ыкмалар чагылдырылбаганын расмий түрдө билдирет.
Белгилей кетсек, шаар аймагындагы бак-дарактар кургап калган же авариялык абалда болгон учурларда, ошондой эле жаңы объектилерди же жолдорду курууга байланыштуу зарылчылык жаралганда гана алынат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Vesti.kg редакциясынан жарыяланган видеоматериалды текшерип, аны коштогон маалыматты тактап, жарыялоого тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү өтүнөбүз.
Бишкек шаарынын мэриясы коомчулукка таратылган маалыматтардын так жана ишенимдүү болушун камсыз кылууга, ошондой эле муниципалдык кызматтардын ишмердүүлүгү тууралуу туура эмес түшүнүктүн жаралышына жол бербөөгө чакырат.