Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №112 жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мектеп имаратынын аянты 4 500 чарчы метрден ашык, ал эми жер тилкесинин жалпы аянты 2,2 гектарды түзөт.
Долбоорго ылайык, мектептин имаратын комплекстүү капиталдык оңдоо, анын ичинде ички жана тышкы инженердик коммуникацияларды, эшик-терезелерди толугу менен алмаштыруу, бөлмөлөрдүн ички жасалгасын жаңылоо жана башка оңдоо иштерин аткаруу каралган.
Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү долбоорунун алкагында кичи футбол жана баскетбол аянтчаларын, воркаут жана балдар оюн аянтчаларын куруу, тышкы жарыктандыруу системасын орнотуу, резина төшөлгөн чуркоо жолдорун жасоо, тышкы тепкичтерди жана пандустарды куруу, отургучтарды жана таштанды челектерин орнотуу каралган.
Мындан тышкары, тротуарларды жана жолдорду калыбына келтирүү, аймактын жер кыртышын кара топурак менен тегиздөө, сугат системасын орнотуу жана газон чөптөрүн себүү иштери да долбоорго киргизилген.
Бүгүнкү күндө мектептин спорт жана жыйындар залдарында оңдоо иштери, спорттук аянтчаларды куруу жана мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери улантылууда.
Курулуш иштерин аткаруучу подряддык уюм — «Рим и Ко» ЖЧКсы.


