Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан «Бакай-Ата» конушундагы №85 жалпы билим берүү мектебине кошумча окуу корпусун куруу иштери башталды.

Жалпы аянты 4 775,35 чарчы метрди түзгөн жаңы үч кабаттуу имаратта 22 окуу кабинети, спорт жана жыйындар залдары, ошондой эле башка зарыл бөлмөлөр жайгашат.

Имараттын айланасында да комплекстүү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында кичи футбол талаасын, баскетбол жана волейбол аянтчаларын, ошондой эле воркаут аянтчасын куруу пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө имараттын пайдубалы үчүн казуу иштери аяктады. Учурда бетон алдындагы даярдык катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерин «Гипер Строй» ЖЧКсы аткарууда.