Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча «16 күндүк активдүү аракеттер» эл аралык өнөктүгүнүн алдында №23 мектепте «Зомбулуксуз дүйнө — коопсуз келечек» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага район башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Жыргал Абдыжапарова, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Психологиялык борбордун психологу, ошондой эле райондогу мектептердин социалдык педагогдору, класс жетекчилери жана жогорку класстын окуучулары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында зомбулукка каршы түшүнүктү калыптандыруу, өз ара сый-урматты тарбиялоо жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү.

Иш-чаранын алкагында «Багыт» театрынын режиссёру райондук мектептердин мугалимдери менен биргеликте даярдаган театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. Ошондой эле райондук Балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа сунушталды.

Зомбулуктун жана буллингдин алдын алуу, балдар арасында өз ара сый-урматты калыптандыруу жана зомбулуктун бардык түрүнө жол бербөө багытындагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.