2026-жылдын 25-ноябрында Ленин районунун башчысы Тариел Айтиевдин жарандарды жеке кабыл алуусу өттү.
Кабыл алууга алдын ала 33 жаран жазылганы менен, иш жүзүндө 60ка жакын тургундун кайрылуусу угулду.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу түшкөн арыздар, «Ак-Ордо» конушундагы жер маселелерине байланыштуу болду. Тургундар жер тилкелерине байланышкан талаш-тартыштар, тиешелүү токтомдорду алуу жана жер тилкелерине коюлган камакты алып салуу маселелерин көтөрүштү.
Мындан тышкары, райондун аймагында канализация системасын куруу, материалдык жардам көрсөтүү жана жумушка орношууга көмөктөшүү боюнча да кайрылуулар түштү.
Жеке кабыл алууга муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Көтөрүлгөн маселелердин айрымдары боюнча тиешелүү чечимдер жеринде кабыл алынды. Ал эми кошумча кароону талап кылган кайрылуулар көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтарга кароо жана чечүү үчүн жөнөтүлдү.













