Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиевдин Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын соода өкүлү Айдар Гашигуллин жана РФнын КРдагы Соода өкүлчүлүгүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы Николай Бабкин менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кубанычбек Иманалиев Бишкек шаарында жолдорду куруу жана реконструкциялоо, жашылдандыруу, ошондой эле муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ал акыркы жылдары жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштердин көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле коммуналдык техникаларды жаңылоо маселесине токтолуп, муниципалдык кызматтардын ишинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн Россия жана Беларусь өндүрүшүндөгү техникалар дагы эле колдонулуп жатканын айтты.
Россия тараптын өкүлдөрү Бишкекте ири эл аралык иш-чаралар, анын ичинде белгилүү чет элдик аткаруучулардын концерттери өткөрүлүп жатканын белгилеп, мындай иш-чаралар туризм тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти. Ошондой эле борбор калааны жашылдандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россия тараптын өкүлдөрү келерки жылы юбилейлик датага карата бак-дарак отургузуу демилгесин ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Анын алкагында ылайыктуу аймакты аныктоо, көчөттөрдү отургузуу, аларды андан ары багуу жана борбор калааны көрктөндүрүүгө салым кошуу максатында ишембилик өткөрүү сунушталды.
Кубанычбек Иманалиев аталган демилгени колдоорун билдирип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.







