2026-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарындагы №181 «Баластан» мектепке чейинки билим берүү уюмунда дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү өкүлү, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдыктын алкагында «Айтматов — кылымдын залкар жазуучусу» аттуу адабий-музыкалык театрлаштырылган композиция болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тарбиячылары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө тарбиялануучулар «Көчмөндөр» аттуу улуттук бийди аткарып, дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кирген чыгармалардын негизинде даярдалган театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү тартуулашты.
Атап айтканда, «Саманчынын жолу», «Солдатенок», «Кызыл алма», «Ак кеме», «Биринчи мугалим», «Кылым карытар бир күн», «Эрте келген турналар» жана «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармаларынын негизинде сахналык үзүндүлөр көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, тарбиячылар жазуучунун «Жамийла» повестине арналган ырды аткарышты. Иш-чара «Ысык-Көл» аттуу музыкалык чыгарманын жаңырышы менен жыйынтыкталды.
Иш-чаранын негизги максаты — улуу жазуучунун бай адабий мурасын өсүп келе жаткан муунга таанытуу, балдардын руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук аң-сезимин калыптандыруу жана адабият аркылуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды сиңирүү.