Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева көчмө жыйындын  алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүүчү «Аялзат» борборуна жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн «Акниет» борборуна барды.

«Аялзат» борборуна болгон текшерүүнүн жүрүшүндө Рахат Мусаева аткарылган иштердин сапатын текшерип, учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты. Борбордун имаратынын фасадын жана тосмосун капиталдык оңдоо иштери аяктады. Учурда имараттын ички бөлмөлөрүндө косметикалык оңдоо иштери жана айланасын көрктөндүрүү, анын ичинде таман таш төшөө иштери улантылууда.

Ал эми «Акниет» борборунда мэрдин орун басары балдар үчүн воркаут элементтери бар оюн аянтчасынын жана футбол, баскетбол, волейбол менен машыгууга ылайыкталган универсалдуу спорт аянтчасынын курулушун көрүп чыкты. Ошондой эле ашкана оңдолуп, жылытуу системасы жаңыртылды.

Мындан тышкары, Рахат Мусаева мекемеде уланып жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты.