Бишкек шаарындагы №70 мектептин 9-«Л» классынын окуучусу, «Ак Илбирс» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучусу Иса Абазбеков 2010–2012-жылы туулган өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча өткөн XXIII ачык эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталып, алтын медаль тагынды.
Мелдеш 2026-жылдын 21–22-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Павлодар шаарында өтүп, СССРдин спорт чебери, Казакстан Республикасынын чемпиону, Павлодар облусунун «СШИКОР» мекемесинин машыктыруучусу Жуматай Кенжегалиевдин жаркын элесине арналды.
Иса Абазбеков 51 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Мелдештин жүрүшүндө жаш балбан мыкты даярдыгын, жогорку чеберчилигин, күчтүү мүнөзүн жана жеңишке болгон эркин көрсөттү. Жыйынтыгында биринчи орунду ээлеп, эл аралык спорттук аренада Кыргызстандын намысын татыктуу коргоду.
Спортчу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Рахатбек Нурдаулетовдун жетекчилиги алдында машыгат. Машыктыруучунун кесипкөйлүгү, үзгүлтүксүз машыгуулар жана жаш балбандын максатка умтулуусу жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишүүгө өбөлгө болууда.
Бул жеңиш — спортчунун талыкпаган эмгегинин, тартиптүүлүгүнүн жана өжөрлүгүнүн, машыктыруучунун кесипкөй эмгегинин жана спорт мектебинин колдоосунун натыйжасы.
Иса Абазбековду жана анын машыктыруучусу Рахатбек Нурдаулетовду татыктуу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди, жеңиштерди каалайбыз!


