Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы улуу муундагы шаар тургундарын бош убактысын активдүү, чыгармачылык менен жана пайдалуу өткөрүүгө чакырат.
Шаардагы маданият үйлөрүндө жана китепканаларда пенсионерлер үчүн вокалдык ансамблдер жана санариптик сабаттуулук боюнча акысыз курстар иштейт.
Чыгармачылык жана сахна
Музыкага жана баарлашууга кызыккан улуу муун өкүлдөрүн «Диалог» маданият үйүнүн алдындагы «Кому за...» клубу күтөт.
Мындан тышкары, ыр-бийге шыктуу тургундар төмөнкү хордук чыгармачыл жамааттардын бирине кошула алышат:
- «Дуслык» татар элдик ансамбли;
- «Барвинок» украин элдик ансамбли;
- «Казачья песня» Бишкек элдик ансамбли;
- «Радуга» орус музыкасынын элдик ансамбли;
- «Время» жаштар театры.
Кошумча маалымат алуу үчүн Трудовая көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан шаардык «Диалог» маданият үйүнө кайрылсаңыздар болот.
Байланыш телефондору:
- 0312 64-48-70;
- 0701 777759;
- Эмгек ардагерлеринин «Кому за...» клубунун жетекчиси Лидия Павловна Куракова: 0555 204581. Катышуу акысыз.
Ал эми «Жаштык» маданият үйүндө төмөнкү хордук жамааттар иш алып барат:
- «Красная гвоздика» элдик хору;
- «Русская душа» элдик хору;
- «Ветеран» элдик хору.
Ошондой эле пенсионерлер жыл сайын өткөрүлүүчү согуш жана эмгек ардагерлеринин арасындагы «Красная гвоздика» аттуу шаардык көркөм чыгармачылык сынагына катышып, өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулай алышат.
Кошумча маалымат алуу үчүн 3-кичи район, 28/1 дарегинде жайгашкан шаардык «Жаштык» маданият үйүнө кайрылсаңыздар болот. Байланыш телефону: 0705 22 22 37. Хордук жамааттарга катышуу акысыз.
Иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 08:00дөн 17:00гө чейин.
Смартфонду эркин колдонууга үйрөнүңүз!
Заманбап технологияларды өздөштүрүп, смартфон жана компьютерди ишенимдүү колдонууну каалаган улуу муун өкүлдөрү үчүн №39 орто мектептин имаратында жайгашкан №16 китепканада жыл сайын компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз курстар уюштурулат.
Курстун жүрүшүндө окутуучулар смартфондордун жана компьютерлердин иштөө өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, электрондук мамлекеттик кызматтарды жана онлайн сервистерди өз алдынча колдонууну үйрөтүшөт.
Окуу аяктагандан кийин ар бир бүтүрүүчүгө атайын сертификат тапшырылат.
Курстун узактыгы — 1 ай.
Сабактар дүйшөмбүдөн жумага чейин төмөнкү убакыттарда өткөрүлөт:
- 1-топ: саат 09:30дан 10:30га чейин;
- 2-топ: саат 11:00дөн 12:00гө чейин.
Дареги: Сухэ-Батор көчөсү, 4/1, Б. Алымов атындагы №39 орто мектеп.
Байланыш телефону: 0707 152118. Ишемби жана жекшемби — эс алуу күндөрү.







