Бишкек шаарында жашыл аймактарды кеңейтүү, шаар аймактарын көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында жашылдандыруу иштери улантылууда.
2026-жылдын башынан бери борбор калаада 25 миң көчөт отургузуу пландалса, бүгүнкү күнгө карата 30 миңден ашык бак-дарак отургузулду.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жазгы жана күзгү көчөт отургузуу өнөктүктөрүнө жеке өзү катышып, жалпы 73 бак-дарак отургузду.
Белгилей кетсек, шаарды жашылдандыруу иштери мындан ары да улантылат.