Бишкек шаарынын мэриясы 12-октябрда Чортеков жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы аталган аймакта сквер куруу иштерине байланыштуу эмес экенин маалымдайт.

Жүктөгүчтүн айдоочусу курулуш иштерине катышкан эмес жана сквердин курулушун жүргүзүп жаткан подряддык уюмга эч кандай тиешеси болгон эмес.

Бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылып, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Бишкек шаарынын мэриясы аталган окуяны сквердин курулушу менен байланыштырбоого жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.