Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Свердлов районундагы «Мыкан» конушунун тургундары менен жолугушуп, жер тилкелерине байланыштуу кырдаалды жеринен изилдеп, шаар тургундарынын кайрылууларын угуп, топтолуп калган маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулады.

Жолугушууга Бишкек шаарынын прокурору Канат Насипов, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тилек Жеембаев, ошондой эле Свердлов райондук администрациясынын башчысы Бакыт Караев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы тургундар менен биргеликте жер тилкелеринин бөлүнүп берилиши жана таризделиши боюнча тарыхын, ошондой эле колдо болгон укук белгилөөчү документтерди карап чыкты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тургундардын кайрылууларын кароодо Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын жетекчиликке алуу зарылдыгын белгиледи. Ага ылайык, жарандардын мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары биринчи орунда турушу керек. Ошондой эле ал жер документтерин тариздөөдө аныкталган дал келбестиктер ар тараптуу изилдөөнү жана укуктук жактан жөнгө салууну талап кыларын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине бир жуманын ичинде мурда кабыл алынган чечимдерди, маалымкаттарды жана башка документтерди толук изилдеп, алардын укуктук негиздерин текшерүүнү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жер тилкелерин мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүн караган чечимдин долбоорун даярдоону тапшырды.

«Бишкек шаарынын мэриясы укук улантуучу болуп саналат, андыктан бул маселени чечүү жоопкерчилигин өзүбүзгө алышыбыз керек. Укук коргоо органдары менен биргеликте чечимдин долбоорун даярдап, макулдашуу зарыл. Ошол эле учурда бардык аракеттер мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп, иштин жыйынтыгында тургундардын жер маселеси жөнгө салынышы керек. Бул маселени создуктурбай чечүү зарыл», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында «Мыкан» конушу Свердлов районунун курамына кирген. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы № 2 чечиминин, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 2 тескемесинин жана Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын 2025-жылдын 27-январындагы № 3/Т тескемесинин негизинде «Мыкан» конушунун тургундарынын жер тилкелерин инвентаризациялоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Конушта жалпы 540 турак үй бар. Жер маселелери боюнча комиссияга 131 тургун кайрылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө мурда жүргүзүлгөн каттоодо бир катар дал келбестиктер, анын ичинде айрым жер тилкелеринин толук эсепке алынбагандыгы жана алардын чек аралары так аныкталбаганы белгилүү болгон.