Бишкек шаарында курулуш иштерин жүргүзүүдө көрктөндүрүү эрежелеринин жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштери улантылууда.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айып пулдарды төлөбөй келген 29 курулуш компаниясы аныкталды. Аталган компанияларга карата жалпы суммасы 12 млн 424 миң сомду түзгөн 603 административдик протокол түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы аталган компанияларды бир жуманын ичинде топтолгон карыздарын төлөөгө чакырат. Белгиленген мөөнөттө милдеттенмелер аткарылбаган учурда мыйзамда каралган чаралар көрүлөт. Анын ичинде салынган айып пулдарды төлөбөгөн компаниялардын курулуш объектилериндеги иштерди убактылуу токтотуу маселеси каралууда.

Көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушун аныктоо жана алардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Административдик айып пулдарды төлөбөй келген курулуш компанияларынын тизмеси тиркелет.

https://docs.google.com/document/d/1M5YQuJSBVycJtGavFT6t2kwl1h_rzuUX/edit?usp=sharing&ouid=105564853597665327012&rtpof=true&sd=true