Арча-Бешик конушунда Абдрахманов жана 17-көчөлөрүнүн кесилишинде мурдагы балдар аянтчасынын ордуна жаңы скверди көрктөндүрүү жана куруу иштери башталды.
Долбоорго ылайык, бул жерде балдар ойноочу аянтчасы, спорт менен машыгууга арналган воркаут аянтчасы жана кичи футбол аянтчасы бар, эс алуу үчүн ыңгайлуу аймак түзүү пландалууда.
Жаңы сквер тургундар, айрыкча балдар жана жаштар үчүн кошумча коомдук эс алуу жайына айланат. Ошондой эле таза абада эс алуу, спорт менен машыгуу жана активдүү убакыт өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Курулуш иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.



