Гендердик зомбулукка каршы «16 күндүк активдүү аракеттер» эл аралык өнөктүгүнүн алдында Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана анын фактыларына бөгөт коюуга багытталган профилактикалык иш-чараларды уюштурду.
Иш-чаралардын алкагында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары бир нече жолу катталган даректерге жеринен барып текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө үй-бүлөлөрдөгү кырдаал бааланып, профилактикалык түшүндүрүү маектери өткөрүлдү.
Мындан тышкары, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө муниципалдык аймактык башкармалыктардын алдындагы Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу комитеттеринин ишмердүүлүгү да каралды. Өзгөчө профилактикалык иштерди жүргүзүү, укук коргоо органдары жана социалдык кызматтар менен өз ара кызматташуу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына өз убагында чара көрүү маселелерине көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар профилактикалык иштерди күчөтүүгө, зомбулуктун кайталанышына жол бербөөгө, жарандардын укуктарын жана коопсуздугун коргоону камсыз кылууга багытталган.




