25-ноябрдан тартып Мурас-Ордо конушун Ош базары менен байланыштырган автобус каттамы чоң сыйымдуулуктагы автобустар менен тейлөөгө өткөрүлдү.
Бул багытта жүргүнчүлөрдү 5 автобус тейлейт.
Каттамдын кыймыл багыты өзгөрүүсүз калат.
Киргизилген өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.