Жал кичи районунда жашоочулардын ар кандай курактагы өкүлдөрүнүн эс алуусуна, спорт менен машыгуусуна жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзгөн «Эко Сити» аттуу жаңы көрктөндүрүлгөн коомдук жайдын ачылышы болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров, Ленин районунун администрация башчысы Тариел Айтиев, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Билимбек Досалиев жана кичи райондун тургундары катышты.
Шаар тургундарын жаңы объекттин ачылышы менен куттуктаган борбор калаанын мэри бул жай жашоочулардын кайрылуулары жана сунуш-пикирлери эске алынып түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле көрктөндүрүлгөн аймак кичи райондун тургундары үчүн эс алуучу жана жолугушуучу жайга айланып, ар бир адам өз кызыгуусуна жараша алектене турган мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна ишеним билдирди.
«Биз борбор калаанын ар бир районунда көрктөндүрүлгөн коомдук жайлардын санын көбөйтүп, тургундардын ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү багытында ырааттуу иш алып баруудабыз. Алдыбызга коюлган милдеттерди аткаруу жана шаар тургундарынын кайрылууларын ишке ашыруу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Биздин башкы максатыбыз — шаардыктардын жашоосу үчүн ыңгайлуу жана жайлуу шаардык чөйрөнү түзүү», — деп баса белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Көрктөндүрүлгөн аймактын жалпы аянты 0,3 гектарды түзөт. Бул жерде кичи футбол аянтчасы, дене тарбия менен машыгууга арналган воркаут-зона жана заманбап балдар оюн аянтчасы курулган. Ал эми тынч эс алууну каалагандар үчүн шахмат ойноочу үстөлү бар бастырма орнотулган.
Мындан тышкары, аймакта жөө жүргүнчүлөр үчүн ички жолдор салынып, отургучтар, таштанды челектери жана жарыктандыруу тутуму орнотулган.
Курулуш жана көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн. Башкы подрядчы болуп «Кам Строй Групп» ЖЧКсы иш алып барган.















