Борбор калаанын райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактыларын аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар улантылууда.

Биринчи май районундагы «Бугу-Эне-Багыш» конушунда текшерүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз курулган 8 пайдубал аныкталды. Тиешелүү кызматтар менен биргеликте өз алдынча тургузулган пайдубалдар буздурулду.

Ленин районунда төмөнкү аймактарда рейд өткөрүлдү: «Алтын-Ордо» конушунда №295 жана №243 контурларда, «Тынчтык» конушунда №204 жана №193 контурларда, «Ата-Журт» конушунда №216 контурда, ошондой эле «Кудайберген» конушунда №439 контурда текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз курулуш жүргүзүү жана өз алдынча курулуш иштерин баштоо фактылары аныкталган жок.

Свердлов райондук администрациясы тиешелүү кызматтар менен биргеликте «Красный Строитель-2» конушундагы жана Түндүк айланма жолдун түндүк тарабындагы жер тилкелеринде рейддик иш-чараларды уюштурду. Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталган жок.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды жер тилкелерин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого, жерлерди өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү фактыларына жол бербөөгө чакырат.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 «Жерлерди өз алдынча жана мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана аларга жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында бекитилген иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.