2026-жылдын 25-ноябрында Ленин райондук администрациясында гендердик зомбулукка каршы активдүү аракеттердин 16 күндүк өнөктүгүнүн ачылышына арналган тегерек стол өткөрүлдү.
2026-жылдагы өнөктүктүн темасы: «Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту биргеликте токтотолу: адилеттүүлүктү камсыз кылуу, зомбулуктан жабыркагандарды коргоо жана жазасыз калууга бөгөт коюу».
Иш-чара Ленин райондук администрациясынын иш планынын алкагында «Эл Деми» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Талкууга муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Эхэмед Мехаров, прокуратуранын, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Билим берүү башкармалыгынын, Балдарга жардам берүү борборунун, «Аялзат» медициналык борборунун өкүлдөрү, ошондой эле муниципалдык администрациянын адистери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдагы кайрылуулардын статистикасы, коргоо ордерлерин берүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, билим берүү мекемелеринде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана мекемелер аралык кызматташтык маселелери каралды.
Ошондой эле 10-декабрга чейин өнөктүктүн алкагында өткөрүлө турган биргелешкен иш-чараларды координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.
Тегерек столдун жыйынтыгында муниципалдык администрациянын имаратынын алдында кызгылт сары түстөгү символиканы колдонуу менен «Зомбулукка каршы бирге!» аттуу флешмоб өткөрүлдү. Кызгылт сары түс аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу демилгелерин колдоонун символу болуп саналат.
Өнөктүк калктын маалымдуулугун жогорулатууга, мекемелер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана коомдо зомбулуктун бардык түрлөрүнө карата келишпес мамилени калыптандырууга багытталган.







