2026-жылдын 25-ноябрында Ленин райондук муниципалдык администрация башчысынын орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте Орок айылынын №105, 106, 107 жана 166 контурларында жашаган 100гө жакын тургунду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар аталган контурларда жайгашкан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси боюнча кайрылышты.

Район башчысынын орун басары бул маселе боюнча учурда зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле Бишкек шаарынын Башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан курулуш схемасы Ленин районунун Жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан бекитилери белгиленди.

Даярдалган материалдар жакынкы аралыкта комиссиянын кезектеги кароосуна киргизилет.