Махатма Ганди (мурдагы Муром) жана А.Масалиев (мурадыгы Чортеков) көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скверди куруу долбоорунун алкагында курулуш-монтаждоо иштери улантылууда. Подрядчы уюм — «Лидер Хаус» компаниясы.
Бүгүнкү күндө 3 700 чарчы метрден ашык аянттагы жердин үстүңкү катмары 25 сантиметр тереңдикте алынган. Аймакка топурак жеткирилип, тротуарлардын негизин даярдоо жана тыгыздоо иштери аткарылган. Ошондой эле 1 200 даана тротуар бордюру орнотулган.
Мындан тышкары, воркаут-зона жана балдар оюн аянтчасы үчүн негиздер даярдалып, В-2-2 үлгүсүндөгү 48 даана сугат лотогу орнотулган.
Курулуш иштери аяктагандан кийин аймакта тургундардын эс алуусуна, сейилдөөсүнө, спорт менен машыгуусуна жана балдардын көңүлдүү убакыт өткөрүүсүнө ыңгайлуу шарттары бар заманбап сквер пайда болот.


