«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын титулдук тизмесине ылайык, 2026-жылы шаардагы 93 лифтти модернизациялоо пландалууда.

Лифттерди жаңылоо иштери сентябрь айында башталган. Анын алкагында «Шумкар Лифт» компаниясы 67 лифтти, ал эми «Даэсунг Айдиэс» компаниясы дагы 26 лифтти жаңылайт.

Бүгүнкү күнгө карата 16 лифт толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди. Дагы 18 объектте иштер жыйынтыктоо алдында турат.

Долбоор лифт жабдууларынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле шаар тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.