2026-жылдын 25-ноябрында Ленин райондук администрациясы тарабынан Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда белгиленген талаптарды бузуу менен орнотулган жарнамалык конструкцияларды жана баннерлерди аныктоо жана демонтаждоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейдге Ленин райондук муниципалдык администрациясынын, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, архитектура органдарынын жана №105 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленген талаптарга жооп бербеген жарнамалык конструкциялар жана баннерлер демонтаждалды. Рейддин жыйынтыгында жалпы 36 жарнамалык конструкция жана баннер алынды.
Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат. Аталган иштер шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга, тышкы жарнамаларды жайгаштырууну иретке келтирүүгө, ошондой эле көрктөндүрүү боюнча белгиленген ченемдердин жана талаптардын сакталышын камсыз кылууга багытталган.





