Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого талапкерлерди каттоо жараянынын алкагында жарандарга «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү тандаган талапкерлерди колдоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

2026-жылдын 8-декабрына чейин ар бир жаран тиркеме аркылуу бир же бир нече талапкерге электрондук кол тамгасын коюу менен колдоо көрсөтө алат.

Белгилей кетсек, электрондук кол коюу добуш берүү болуп саналбайт. Бул талапкерди президенттик шайлоого катыштырууга зарыл болгон мыйзамда белгиленген талаптардын бири болуп эсептелет.

Шаар тургундарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин шайлоо жараянына байланыштуу маалыматтар менен таанышып, «Түндүк» мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүнөн кабардар болууга чакырабыз.

Ар бир жарандын өз укуктарын билиши, жеке тандоосун эркин билдириши жана шайлоо жараяны тууралуу так маалыматка ээ болушу — ачык-айкын жана мыйзамдуу шайлоону камсыз кылуунун маанилүү бөлүгү.