Бишкек шаарынын мэриясы «Караван-Инфо» маалымат агенттиги тарабынан муниципалитеттин ишмердүүлүгү тууралуу такталбаган жана бурмаланган маалыматтардын таратылышына байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылды.

Тактап айтканда, жарыяланган материалдарда бир даана отургуч 56 миң сомго сатып алынганы тууралуу маалымат берилген. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Тендердик документтерге ылайык, көрсөтүлгөн суммага жетекчилик курамдын кызматкерлери үчүн үч даана отургуч сатып алуу каралган.

Отургучтардын конструкциялык өзгөчөлүктөрү, анын ичинде жарым-жаткан абалга келтирүү мүмкүнчүлүгү да өзүнчө талкуу жаратты. Мында сатып алынуучу товарлардын техникалык жана функционалдык мүнөздөмөлөрү сатып алуу документтеринде аныкталарын эске алуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине жана Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибинин 25-пунктуна ылайык, сатып алуу документтеринде сатып алуунун предметинин сүрөттөлүшү, анын ичинде техникалык, сапаттык, функционалдык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле сатып алынуучу товарлардын саны көрсөтүлүшү керек.

Мындан тышкары, Ишкердик чөйрөнү жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына кеткен чыгымдар тууралуу жарыяланган материалдар маалыматты бир жактуу чагылдырып, иш-чаранын мазмунун негизинен тамак-аш маселесине гана байланыштырып, анын негизги максаттарын жана милдеттерин толук ачып берген эмес.

Кеңештин жыйыны шаар экономикасын, ишкердикти жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле мэриянын, бизнес-коомчулуктун жана эксперттердин өкүлдөрү менен биргеликте практикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп саналат.

Ошондой эле Ленин районундагы мектептерди кайтарууда резина таяктар жана электр шокерлери колдонулары тууралуу маалыматтар билим берүү мекемелерин кайтарууну уюштуруунун иш жүзүндөгү тартибин чагылдырбайт.

Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарын жарыяланган маалыматтарды кылдат текшерүүгө, тактык жана ишенимдүүлүк принциптерин сактоого, фактыларды бурмалоого жол бербөөгө чакырат. Зарыл контекстсиз айрым маалыматтарды берүү коомчулукту адаштырууга жана муниципалитеттин ишкердик беделине доо кетирүүгө алып келет.

Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан такталбаган маалыматтарды таратуу улана турган болсо, Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу укугун өзүнө калтырат.